
2025-жылдын 9-декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары долбоорунун автору жана демилгечиси Асхат Акибаев долбоорго болгон интеллектуалдык укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине расмий түрдө өткөрүп берди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын идеясын Асхат Акибаев 2008-жылы иштеп чыгып, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Патенттик кызматында каттаткан, андан соң ал анын интеллектуалдык менчиги катары таанылган. Көп жылдар бою автор I, II жана III ДКОну даярдоодо жана өткөрүүдө негизги методологиялык, уюштуруучулук жана концептуалдык ролду аткарып, ошондой эле Катчылыктын ишине көмөк көрсөткөн.
Интеллектуалдык укуктарды өткөрүп берүү төмөнкүлөргө багытталган:
Укуктарды өткөрүп берип жатып, Асхат Акибаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасынын улуттук бренди жана көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө тааныткан уникалдуу эл аралык аянтча катары мындан ары да өнүгө берерине ишенгендигин билдирди.