Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул ар түрдүү маданияттар, салттар, баалуулуктар жана спорттук тажрыйбалар жолугушкан эл аралык аянтча. Бир жуманын ичинде Кыргыз Республикасы салттуу оюндар, кол өнөрчүлүк, музыка жана маданият, экология, мурас тармагындагы эксперттер чогулган глобалдык диалогдун борборуна айланат.
Оюндар үч багытты камтыйт: этноспорт, этномаданият, ошондой эле илим жана салттуу билимдер.
Дүйнө элдеринин турмушун, маданиятын жана тарыхый мурасын чагылдырган салттуу оюн дисциплиналары.
Атты башкаруу жана спорттук тапшырмаларды аткарууну айкалыштырган дисциплиналар — чабандестин чеберчилигин жана ат менен өз ара түшүнүшүүсүн көрсөтөт.
Дүйнө элдеринин күрөш түрлөрүнүн тарыхый эрежелерине жана ыкмаларына негизделген салттуу жекеме-жеке таймаш түрлөрү.
Элдик салттарга жана көп жылдык тажрыйбага негизделген, күчтү, чыдамкайлыкты жана шамдагайлыкты көрсөтүүгө багытталган мелдештер.
Көчмөн элдерде көп кылымдык тарыхы бар, логикалык ой жүгүртүүнү, стратегияны жана эс тутумду өнүктүргөн оюндар.
Ат үстүндө жүрүү менен жаа атууну айкалыштырган, көчмөн жоокерлердин согуштук чеберчилигин көрсөткөн дисциплиналар.
Жырткыч куштар жана аңчылык иттер колдонулган салттуу аңчылык ыкмаларына негизделген мелдештик дисциплиналар.