
Кырчын, 2-сентябрь 2026-жыл. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программанын алкагында «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында «Жашоо жарыш» республикалык конкурс-эстафетасы өтүп жатат.
Конкурска алты команда катышууда. Алар Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан, ошондой эле «Кийиз Дүйнө» этно-бурчунан келген командалардан турат. Катышуучулар кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигине жана кол өнөрчүлүгүнө байланышкан тапшырмаларды аткарышууда.
Алар чий согуу, уук тазалоо, төшөктү ирети менен жыйноо жана ийрик ийүү боюнча өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшүүдө.
«Жашоо жарыш» конкурсу улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана ата-бабалардан муундан муунга өтүп келе жаткан салттуу көндүмдөрдү сактоого жана жайылтууга багытталган.