
Казакстандын «Жолборс» командасы 300 чакырымдык ат марафонунда жеңишке жетти
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 300 чакырым аралыкка созулган «Көчмөндөр жүрүшү» эл аралык ат марафону жыйынтыкталды. Мындай узак аралыктагы мелдеш Көчмөндөр оюндарында биринчи жолу өткөрүлдү.
Марафондун жыйынтыгында Казакстандын «Жолборс» командасы 300 чакырымды 19 саат 30 мүнөт 26 секундда басып өтүп, биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунду «Ала-Тоо» командасы 20 саат 54 мүнөт 19 секунд көрсөткүчү менен алды. Үчүнчү орунду «Намыс» командасы ээледи — 23 саат 14 мүнөт 50 секунд.
Эске салсак, марафонго жалпысынан 8 команда катышты. Алардын арасында Кыргызстан, Казакстан жана Иран Ислам Республикасынын өкүлдөрү болду.
300 чакырымдык «Көчмөндөр жүрүшү» ат марафону чабандестердин да, аттардын да чыдамкайлыгын сынаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң татаал мелдештеринин бири болду.
Мелдештин протоколдору боюнча