
Бүгүн, 5-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «NOMAD FEST» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы жыйынтыкталды.
Фестивалдын алкагында «Этно-бий», «Урбан Номад», «Көчмөн жылдыздары» жана кол өнөрчүлөр арасындагы эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды.
«Этно-бий» сынагынын Гран-при сыйлыгына Казакстандан Анвара Садыкова татыса, I орунду Кыргызстандан Саади Иманкулов, II орунду Түркиядан Айше Албайрак, III орунду Болгариядан Иван Иванов ээледи.
«Урбан Номад» сынагында Гран-прини Кыргызстандан Дадабаев Озодбек «Алп Кара-Куш» коллекциясы менен жеңип алды. I орун Жаныбеков Аспандиярга («Көрк»), II орун Индонезиядан Акейла Нараяга («Культура Западной Явы»), III орун Өзбекстандан Фируза Якубовага («Наследие ветра») ыйгарылды.
Кол өнөрчүлөр арасындагы сынакта Гран-при Австралиядан Бик Тьеге ыйгарылды. I орунду Кыргызстандан Шейшеева Фариза, II орунду Чентемиров Жакшылык, III орунду Бактиев Жыргал ээледи.
Ал эми «Көчмөн жылдыздары» сынагында Гран-приге Кыргызстандан Аяна Бекенова жана Өзбекстандан Таджиев Тулкин татыктуу болушту. Сынактын башка байгелүү орундарында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Азербайжан, Монголия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү белгиленди.
Сынактардын жеңүүчүлөрү калыстар тобунун чечими менен аныкталып, байгелүү орундар жана атайын сыйлыктар тапшырылды.