
«Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын 4 – секциясында көчмөн коомдордун саясий жана укуктук системалары талкууланды.
Секциянын ишине Азербайжан, АКШ, Улуу Британия жана Кыргызстандан 17 баяндамачы катышты. Катышуучулар көчмөн коомдордо бийлик органдарынын, башкаруу механизмдеринин жана укуктук нормалардын калыптануу өзгөчөлүктөрүн карап чыгышты. Өзгөчө көңүл маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусунун салттуу формаларына бурулду. Атап айтканда, курултайлардын жогорку башкаруучуну тандоодо жана маанилүү маселелерди жамааттык талкуулоодо институт катары аткарган ролу, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн коом алдындагы жоопкерчилигинин салттуу механизмдери талкууланды.
Көчмөн элдердин каада-салттык укугу өзүнчө тема болду. Катышуучулар каада-салттарга жана үрп-адаттарга негизделген нормалардын коомдук мамилелерди жөнгө салуу үчүн калыптануу жана колдонулуу жолдорун, ошондой эле алардын туруктуу укуктук практиканын бир бөлүгүнө айланышын карап чыгышты.
Катышуучулар көчмөн элдердин саясий-укуктук мурасына кайрылуу коомдук башкаруунун, укуктук маданияттын жана бийлик менен коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн тарыхый формаларын терең изилдөөгө, ошондой эле алардын азыркы илимий жана коомдук контексттеги маанисин түшүнүүгө мүмкүндүк берерин белгилешти.