
Бүгүн, 5-сентябрда, Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалынын жабылыш аземи жана гала-концерти өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктады. «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн эл аралык фестивалдын ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен баарыңыздарды куттуктайм. Бул фестиваль элдердин салттуу мурасын таанытып, достукту бекемдеди. Чет өлкөлөрдөн келген конокторубуздун Кыргызстанда өткөргөн күндөрү жагымдуу элестерди жана жылуу сезимдерди калтырды деп ишенем», — деди министр. Жабылыш аземинде эл аралык сынактын айтуучулук, аспаптык жана аваздык-аспаптык багыттары боюнча жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана атайын дипломдор тапшырылды.
Айтуучулук багыты боюнча:
• Баш байге — Нуржан Түмөнбаева (Кыргызстан) — 200 миң сом; • I орун — Расулбек Абдурахманов (Өзбекстан) — 100 миң сом; • I орун — Айдун Магамедов (Дагестан) — 100 миң сом; • II орун — Жасулан Есимхан Нурланулы (Казакстан) — 80 миң сом; • III орун — Виталий Никифоров (Якутия) — 65 миң сом; • III орун — Жанат Канат уулу (Кыргызстан) — 65 миң сом. Атайын сыйлыктар: Күнсулу Турикпен (Казакстан), Николай Шумаров (Алтай) жана Фахраддин Бахшалиев (Азербайжан) — 40 миң сомдон.
Аспаптык багыт боюнча:
• Баш байге — Мехри Асадуллаева (Азербайжан) — 200 миң сом; • I орун — Бексултан Абдилакимов (Кыргызстан) — 150 миң сом; • I орун — «Kartikeya and Travel Live» триосу (Индия) — 150 миң сом; • II орун — Анваржон Норматов (Тажикстан) — 100 миң сом; • II орун — «Kausar» ансамбли (Казакстан) — 100 миң сом; • III орун — Нгуен Тхи Транк (Вьетнам) — 50 миң сом; • III орун — «Qaybar» ансамбли (Казакстан) — 100 миң сом. Атайын сыйлыктар: Алиреза Шахини (Иран), Бямбаа Наранделгер (Монголия), Миклош Феледьгази (Венгрия) жана Анастасия Новосёлова (Россия) — 40 миң сомдон.
Аваздык-аспаптык багыт боюнча:
• Баш байге — Дамдын Далай (Тыва) — 200 миң сом; • I орун — Данияр Абылабек уулу (Кыргызстан) — 150 миң сом; • I орун — Осей Коранкие Абена Серваа (Гана) — 150 миң сом; • II орун — Ирина Кискорова (Россия) — 100 миң сом; • II орун — «Marifat Sufi Band» ансамбли (Пакистан) — 100 миң сом; • III орун — Баглан Бабижан (Казакстан) — 70 миң сом; • III орун — Дильфуза Нурметова (Өзбекстан) — 70 миң сом. Атайын сыйлыктар: Хоро Соломон Грант (Жаңы Зеландия), Болат Абдулатиф (Түркия), Улан Исмаилов (Кыргызстан) жана Руммлер Бруно Кристиан (Нидерланддар) — 40 миң сомдон. Быйыл фестивалга дүйнөнүн 38 мамлекетинен өнөрпоздор, окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышты. Иш-чара салттуу музыка өкүлдөрүн бирдиктүү эл аралык илимий-чыгармачылык аянтчага бириктирди. Фестивалдын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция, салттуу өнөр алып жүрүүчүлөрдүн сынагы, мастер-класстар, чыгармачылык сессиялар жана концерттик программалар өткөрүлдү. Белгилей кетсек, «Көчмөндөр санаты» — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «Көчмөндөр ааламы: мезгилдердин байланышы» дүйнөлүк этномаданий фестивалынын маданий программаларынын бири.
Мелдештин протоколдору боюнча