
Кырчын, 5-сентябрь 2026-жыл. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында республикалык «Жашоо жарыш» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Кароо-сынака өлкөнүн аймактарынан жана «Кийиз Дүйнө» этно-бурчунан жалпы алты команда катышты. Катышуучулар чий согуу, уук тазалоо, төшөктү ирети менен жыйуу жана ийрик ийүү сыяктуу салттуу тиричилик жана кол өнөрчүлүк көндүмдөрү боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында: Баш байге — Ош облусу; 1-орун — «Кийиз-Дүйнө» коомдук фонду; 2-орун — Ысык-Көл облусу; 3-орун — Чүй жана Нарын облустары.
«Жашоо жарыш» кароо-сынагы кыргыз элинин салттуу көндүмдөрүн сактоого, жайылтууга жана кийинки муунга өткөрүп берүүгө багытталган.