
Конференцияга чет өлкөлөрдөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана илимий-академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө көчмөн цивилизацияларынын тарыхы жана маданияты, материалдык жана материалдык эмес мурастарды сактоо, дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү өнүктүрүү, маданий мурасты санариптештирүү жана анын туруктуу өнүгүүнүн заманбап процесстериндеги орду талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгында Резолюция кабыл алынып, анда мындан аркы илимий жана эл аралык кызматташтыктын конкреттүү багыттары белгиленди.
Негизги сунуштардын катарында көчмөн цивилизацияларынын тарыхын, маданиятын, философиясын, коомдук түзүлүшүн жана салттарын изилдөө боюнча эл аралык иштерди мындан ары өнүктүрүү, изилдөөчүлөрдүн туруктуу өз ара аракеттенүүсү үчүн эл аралык илимий платформаны түзүү, ошондой эле ар түрдүү илимий багыттардын адистерин тартуу менен дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү кеңейтүү белгиленди.
Резолюцияда мурасты сактоо жана изилдөө үчүн заманбап санариптик инструменттерди колдонууга, анын ичинде электрондук архивдерди, санариптик коллекцияларды, илимий маалымат базаларын жана ачык жеткиликтүү платформаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле көчмөн коомдорунун салттуу экологиялык билимдерин жана тарыхый тажрыйбасын изилдөө, аларды климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүүнүн заманбап ыкмаларын иштеп чыгууда колдонуу багыттары белгиленди.
Резолюцияда көчмөн элдердин тарыхын жана салттуу маданиятын агартуу багытындагы медиадолбоорлор аркылуу кеңири жайылтуу, ошондой эле көчмөн элдердин материалдык жана материалдык эмес мурастарынын объектилерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча иштерди улантуу каралган.
Кабыл алынган резолюция көчмөн цивилизацияларынын мурасын изилдөөгө, сактоого жана жайылтууга кызыкдар болгон илимий, билим берүү, маданий жана эл аралык уюмдардын мындан аркы кызматташтыгы үчүн негиз болот.
Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Азербайжан, Түркия, АКШ, Австрия, Өзбекстан, Корея Республикасы, Улуу Британия, Индия, Бельгия, Франция, Жаңы Зеландия, Япония, Сауд Арабиясы, Венгрия, Гана, Германия, Италия, Монголия, Нидерланддар, Пакистан, Польша, Словения, Швеция, Шри-Ланка жана Ирандан өкүлдөр катышты.