
Ысык-Көл, 2026-жылдын 4-сентябры. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференциянын катышуучулары Кырчын жайлоосуна барып, кыргыз элинин бай маданий мурасы, салт-санаасы жана жашоо-турмушу менен жакындан таанфшты.
Алар кыргыз элинин салттуу жашоо-турмушу, улуттук каада-салттары жана кол өнөрчүлүгүнө күбө болуп, кыргыздын боз үйлөрүн, алардын жасалгаларын, улуттук кийимдерди, күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдарды жана элдик кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн көрүштү.
Ошондой эле чет өлкөлүк жана ата мекендик окумуштуулар кыргыздын улуттук ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, салттуу тамактардан даам татышты. Улуттук тамак-аштардын даярдалышы жана алардын кыргыз элинин тарыхы менен көчмөн жашоо образына байланышкан өзгөчөлүктөрү коноктордун кызыгуусун жаратты.
Катышуучулар Кырчында түзүлгөн өзгөчө атмосферага жогору баа берип, кыргыз элинин бай маданиятына, салт-санаасына, меймандостугуна жана улуттук мурасты сактоого болгон мамилесине суктанышкандыгын белгилешти.
Кырчынга болгон сапар эл аралык илимий конференциянын катышуучуларына көчмөн цивилизациясынын мурасын илимий талкуулоодон тышкары, анын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген салттары, маданий баалуулуктары жана элдин жашоо-турмушу аркылуу таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берди.