
4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этникалык музыка фестивалы жыйынтыкталды.
Фестивалдын жабылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты. Ал жеңүүчүлөрдү куттуктап, фестивалдын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдоолот Деркембаевге ыйгарылды.
Калыстар тобунун чечими менен биринчи орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, экинчи орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи.
Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында биринчи орун Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраага ыйгарылды.
«Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалы ар түрдүү өлкөлөрдүн музыкалык салттарын бир сахнага топтоп, улуттук маданий мурастарды жайылтууга, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы чыгармачылык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.