
Маанилүү: ДКО өтүп жаткан мезгилде Кырчын жайлоосуна жеке унаалар менен кирүүгө тыюу салынат. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосунда өтүүчү иш-чараларына катышууну пландаган өлкөбүздүн коноктору жана жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында үч багыт боюнча акысыз автобус каттамы уюштурулду. Автобустар 1-сентябрдан тартып саат 08:00дөн баштап каттай баштайт. Каттамдардын аралыгы 15 мүнөттү түзөт. Үч багытка тең жол кире акысыз. Коноктор сапарын алдын ала пландап, өздөрүнө ыңгайлуу аялдамага отуруу үчүн автобустардын каттамдары жана аялдамалары көрсөтүлгөн схеманы сунуштайбыз. №1 каттам Жаркынбаево — Кырчын — Семеновка Автобустар Жаркынбаево айылынан Кырчын тарапка Ананьево, Семеновка жана Григорьевка аркылуу өтүп, андан ары түз Кырчын жайлоосуна барат. №2 каттам Бостери (ипподром) — Кырчын — Семеновка — Григорьевка Бул каттам Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун аймагын Кырчын жайлоосу менен байланыштырат. Жолдо автобустар Бостери, Корумду, Темировка, Григорьевка жана Семеновка аркылуу өтөт. №3 каттам Бает (Чайка Резорт) — Кырчын — Семеновка — Григорьевка Автобустар Бает айылынан чыгып, Чолпон-Ата, Корумду, Григорьевка жана Семеновка аркылуу өтүп, Кырчын жайлоосуна жетет. Жүргүнчүлөрдү отургузуу автобустардын каттамы боюнча белгиленген аялдамаларда гана жүргүзүлөт. Конокторго каттамдардын схемасы менен алдын ала таанышып, өздөрүнө жакын аялдаманы тандап алуу сунушталат. Бул ашыкча каттамдарды болтурбоого, жолго кетүүчү убакытты кыскартууга жана жүргүнчүлөрдү автобустарга бирдей бөлүштүрүүгө жардам берет. Каттамдардын схемасын сактап алыңыз жана Кырчынга барууну пландап жаткан жакындарыңыз менен бөлүшүңүз.