
Кырчын, 2026-жылдын 4-сентябры. «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында салттуу музыкалык-оюн-зоок сынагы «Сармерден» экинчи күн катары менен уланууда. Жаан-чачынга карабастан, өнөр адамдары сахнада өз өнөрлөрүн тартуулап, Көчмөндөр оюндарынын конокторуна майрамдык маанай тартуулашууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө элдик ырлар жаңырып, салттуу музыкалык чыгармалар аткарылып, чыгармачылык жана юмордук таймаштар өтүүдө. Өнөрпоздор өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, кыргыз элинин улуттук маданиятын жана салт-санаасын даңазалап жатышат.
Кырчындагы «Сармерден» маданий программанын көркүн ачкан өзгөчө иш-чаралардын бири болуп, катышуучуларды жана конокторду кыргыз элинин бай музыкалык мурасы менен тааныштырып келет.