
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Рух-Ордо» маданий комплексинде чет өлкөлүк коноктор үчүн мазмундуу маданий иш-чаралар уюштурулду.
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жана континенттеринен келген меймандар кыргыз элинин бай маданияты, каада-салты жана күнүмдүк турмушу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чаранын өзгөчө маанайын чыгармачыл топтордун аткаруусундагы салттуу ырлар жана бийлер коштоду.
Маданий программанын эң кызыктуу бөлүктөрүнүн бири - ар кайсы өлкөлөрдөн келген музыканттарды бириктирген музыкалык импровизациялар болду. Бул жерде музыка чек араны да, тилдик тоскоолдуктарды да тааныбаган чыныгы достуктун тилине айланды.
Бразилиядан келген 30 жаштагы Александр Пенеззи гитарада бала кезинен бери ойнойт. Ал импровизация кылганды жана ар түрдүү элдердин музыкаларын аткарганды өзгөчө жактырат. Анын айтымында, ар кайсы маданияттардын музыкасы менен таанышып, алардын арасынан окшоштуктарды табуу ага өзгөчө ырахат тартуулайт.
Александр Рух-Ордодо буга чейин кыргызстандык жана түрк музыканттары менен дуэт түзүп өнөрүн тартуулаган. Ал эми бүгүн АКШдан келген кесиптеши менен биргелешип музыкалык импровизация жасады. Мындай ар бир биргелешкен аткаруу дал ошол учурда жаралып, кайталангыс өзгөчө чыгармага айланат.
Александр Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. Ошого карабастан, кыска убакыттын ичинде өлкөнүн кооз жаратылышына суктанып, кыргыз элинин маданиятына кызыгып калды. Ал үчүн Көчмөндөр оюндарына катышуу - жөн гана өнөрүн тартуулоо мүмкүнчүлүгү эмес, жаңы адамдар, салттар жана ар түрдүү элдерди бириктирген музыка менен таанышууга жол ачкан өзгөчө маданий тажрыйба болду.
Мелдештин протоколдору боюнча