
Улуттук музыка, бий жана заманбап этно-мода багытындагы чыгармачылык номерлер тартууланды.
Программанын алкагында этно-дуэт «Көчмөн жылдыздары» долбоорунун катышуучулары тарабынан «Жалгыз сага» чыгармасы, Болгариянын «Седечница» фольклордук ансамблинин өкүлү Иван Иванов «Old Shopski Dance» чыгармасы менен этно-бий конкурсунда, «URBAN MOD» конкурсунун алкагында Зухра Мукамбетованын «Үч түс» коллекциясы жана башкалар өз номерлерин көрсөтүштү.
Кыргызстандын атынан Токтосунов Тынчтыбек «Биз — Манас жеринин жаштарыбыз» чыгармасы менен этно-бий конкурсунда өнөрүн тартууланып, ал эми «Көчмөн жылдыздары» этно-дуэтинин алкагында Бегимай Турусбекова менен Дмитрий Колдун «Ак булуттар» чыгармасын аткарышты.