
Бүгүн, 3-сентябрда, Чыңгыз Айттматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы уланууда.
Иш-чаралар «Санат башаты», «Этно жарманке», «Тарых изи», «Мурас студиясы», «Билим казынасы», «Комуз-пирс» жана «Өнөр ордосу» тематикалык аянтчаларында өтүүдө. Аларда салттуу музыка, бий, кол өнөрчүлүк жана айтуучулук өнөрдүн үлгүлөрү көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аспапчылык багыты боюнча эл аралык сынак өтүп, жеке аткаруучулар жана чыгармачылык топтор өз өнөрлөрүн тартуулашууда.
Фестивалдын алкагында «Чоң эненин жомогу», «Тоолук кыргыз», «Көчмөн бийи», «Эне жөнүндө чыгарма» жана башка музыкалык-хореографиялык номерлер көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары, салттуу жөрөлгөлөр, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана чыгармачылык баарлашуулар уюштурулууда.
«Nomadic Heritage» мобилдик студиясында салттуу музыкалык чыгармалар аудио-видео форматта жаздырылып, өнөр адамдары менен маектер жана подкасттар даярдалууда. Материалдар салттуу музыкалык искусствонун эл аралык санарип архивин түзүүгө багытталат.
Белгилей кетсек, «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-сентябрда расмий ачылган.
Мелдештин протоколдору боюнча