
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында 30дан ашуун өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдештер өтүүдө.
Бүгүн өз өнөрүн 35 спортчу кыз-келин көрсөттү. Аялдар арасында катышуучулар ат үстүндө жаа атуунун кыргыз стилинде күч сынашып, мергенчиликтеги тактыгын, ат башкаруу чеберчилигин жана кыймыл үстүндө жаа атуу жөндөмүн көрсөтүштү.
Эртең мелдештер эркектер арасында уланат. Эркектер категориясында 72 спортчу катышат.
Ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдештер Көчмөндөр оюндарынын көрүүчүлөр үчүн өзгөчө кызыктуу спорттук түрлөрүнүн бири болуп, салттуу жаа атуу өнөрүн жана ат үстүндө жүрүү чеберчилигин айкалыштырат.