
Ал 10 жылдан бери жыгачтан жана териден түрдүү буюмдарды жасап келет.
Алардын арасында сувенирлер, ат жабдыктары, ээрлер жана күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдар бар. Канатбек мырзанын айтымында, бул өнөр ага атасынан өткөн.
Убакыттын өтүшү менен кол өнөрчүлүк анын сүйүктүү ишине жана киреше булагына айланган. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүп, улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактап, улантып келет.
Канатбек Исаков өзүнүн чеберчилигин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторго да тартуулады.
Анын айтымында, мындай ири эл аралык иш-чарага катышуу менен ал өз колунан жасалган буюмдар аркылуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторго кыргыз элинин маданиятын, тарыхын жана каада-салттарын таанытууга мүмкунчүлүк берет.