
Ачык асман алдындагы «Арт-аянтчада» коноктор үчүн керамика, живопись, графика жана скульптура боюнча мастер-класстар уюштурулат. Катышуучулар карапа жасоо, каллиграфия, акварель жана скетчинг өнөрлөрү менен таанышып, этникалык натюрморт, живопортрет, кооздук табак жана кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн барельеф жарата алышат.
«Ысык-Көлдүн асманы алдында» атту плэнерге өзгөчө көңүл бурулат. Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар аймактын кооз жаратылышын живопись аркылуу чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле Кыргызстандын тоолуу аймактарынын символдорунун бири болгон ак илбирске арналган «Чокулардын сакчысы. Ак илбирс» аттуу мастер-класс өткөрүлөт.
Саат 10:00дөн 22:00гө чейин аятчада парктык-декоративдик скульптуралардын «Улуу тоолордун баяны» аттуу көргөзмөсү улантылат.
Мындан тышкары, саат 16:00дөн 20:00гө чейин Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо «Улуу тоолордун баяны» аттуу көчмө көргөзмө көрсөлтүлүп, живопись жана керамика боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Чыгармачылык программа сүрөтчүлөрдү, кол өнөрчүлөрдү жана Оюндардын конокторун бир мейкиндикте бириктирип, заманбап искусство менен таанышууга гана эмес, Кыргызстандын маданияты, салт-санаасы жана жаратылыш мурастарынан шыктанган чыгармаларды жаратууга түздөн-түз катышууга мүмкүнчүлүк берет.
📍 Дареги: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Өрнөк айылы.