
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборуна белгилүү америкалык актёрлор Дон «Дракон» Уилсон жана Бай Лин барышты. Коноктор борбордун экспозициясы менен таанышып, көчмөн элдердин тарыхына, салт-санаасына жана мурасына арналган маданий программага күбө болушту.
Актёрлордун өзгөчө кызыгуусун кыргызстандык скульпторлордун иши жаратты. Алар борбордун аймагында эле келген коноктордун этюддук портреттерин — болжол менен 15–30 мүнөттүн ичинде жасалган ыкчам скульптуралык образдарды жаратышууда.
Скульптор Алмаз Жамгырчиевдин айтымында, бүгүн ал кесиптеши менен биргеликте Дон «Дракон» Уилсондун жана Бай Линдин этюддук портреттерин жасашты.
Кийинчерээк эмгектерди сүрөттөрдүн негизинде толуктап иштеп чыгуу, калыпка салуу жана гипске өткөрүү пландалууда. Даяр болгон айкелдерди Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборуна музейине өткөрүп берүү каралууда.
«Биз этюддук портретти 15–30 мүнөттүн ичинде жасайбыз. Алдыбызда отурган адамдын скульптуралык образын жаратабыз. Голливуддан келген коноктор бул жараянга кызыгып, бүгүн алардын портреттерин жасадык», — деди Алмаз Жамгырчиев.
Ошентип, Кыргызстандын бүгүнкү коноктору Көчмөн цивилизация борборунун көркөм тарыхынын бир бөлүгүнө айланууда. Алардын элеси бул жерде сүрөттөрдө гана эмес, айкел аркылуу да сакталып калат.