
Көчмөндөр оюндарында өз эмгектерин тартуулады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун аянтчасында сүрөтчү-керамист Шадыбек Эрназаров өзүнүн эмгектерин тартуулап, карапа жасоо өнөрү боюнча мастер-класс өткөрдү.
Чебер керамика өнөрү менен 20 жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келет. Анын эмгектери эл аралык көргөзмөлөргө жана сынактарга катышып, жасаган буюмдары чет өлкөлөрдө да өз кардарларын табууда. Бүгүнкү күндө сүрөтчүнүн негизги максаттарынын бири — кыргыз керамикасын эл аралык аудиторияга таанытуу жана анын өзгөчөлүгүн, кайталангыс жүзүн көрсөтүү. Шадыбек Эрназаровдун чыгармачылыгында раку техникасы өзгөчө орунду ээлейт. Буюмдар 1200 °Cге чейинки температурада күйгүзүлүп, акыркы натыйжа көп жагынан оттун жана сырдын таасирине жараша болот.
Ошондуктан ар бир эмгек кайталангыс болуп жаралат. Көчмөндөр цивилизациясы борборунун программасынын алкагында коноктор керамика, живопись, графика жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышып, «Улуу тоолордун баяны» көргөзмөсүн жана парктык скульптуралар аллеясын да көрө алышат.
«Күйгүзгөндөн кийин кандай жыйынтык чыгарын алдын ала билбейсиң. От ар бир жолу өзүнчө натыйжа жаратат», — дейт сүрөтчү.