
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизация борборунда коноктор үчүн чыгармачылык багыттагы бир катар мастер-класстар уюштурулууда. Мастер-класстардын ичинен карапачылык өнөрү өзгөчө кызыгууну жаратууда. Тажрыйбалуу усталардын жетекчилиги алдында каалоочулар салттуу өнөр менен таанышып, чопо менен иштеп көрүп, өз колу менен ар кандай фигураларды жасай алышат.
Мындан тышкары, келген коноктор ар түрдүү формадагы жана түстөгү даяр сувенир буюмдарды сатып ала алышат. Ошондой эле каалоочулар өздөрүнө жаккан сувенирди каалаган түсүнө боёп көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Усталардын айтымында, мастер-класстар өтүп жаткан аянтчага буга чейин көптөгөн коноктор келип, кызыгуу менен катышып, өз колдору менен буюмдарды жасап, карапачылык өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышышкан.
Мастер-класстар күн сайын эртең мененден кечке чейин өткөрүлүп, бардык каалоочулар үчүн ачык. Аянтчанын иши 6-сентябрга чейин кошо улантылат.