
Дко 2026: Эр эңиш боюнча алгачкы беттештер жыйынтыкталды Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер башталды. Бүгүнкү мелдешке 8 өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния, Венгрия) 3 салмак категориясы боюнча (60 кг чейин, 70 кг чейин, 80 кг чейин) 19 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг чейин:
1 – орун – Kerim Nurtalap (Kазахстан) 2 - орун - Baiyshev Adahan (Кыргызстан) 3 орун- Avilgaji Janibyek (Монголия) 3 орун - Kurmanakaev Tan (Россия)
70 кг чейин:
1 - орун - Sailau Muhammedj (Казахстан) 2 - орун - Sagynbekov Akyl (Кыргызстан) 3 - орун Amangeldiev Ismai (Россия) 3 – орун - Myelis Nauryzbyek (Монголия)
80 кг чейин:
1 - орун - Raikhan U Baknyc (Кыргызстан) 2 - орун - Rasul Kuraiysh (Казахстан) 3 - орун - Junadillaev Nodir (Өзбекстан) 3 – орун - Yerkinbek Umirtai (Монголия). 1-орундун жеңүүчүлөрү 100 миң сомдон, 2-орун 80 миң сомдон, ал эми коло байге ээлери 60 миң сомдон алышат.
Мелдештин протоколдору боюнча