
Бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы расмий ачылды.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, фестивалдын катышуучуларын жана конокторун куттуктады.
Ал өз сөзүндө «Көчмөндөр санаты» фестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы: мезгилдердин байланышы» дүйнөлүк этномаданий фестивалынын маанилүү маданий программаларынын бири экенин белгиледи.
«Фестивалга дүйнөнүн 38 мамлекетинен өнөрпоздор, окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышууда. Бул иш-чара салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрүн, профессионал музыканттарды, илимпоздорду, устаттарды жана жаш өнөрпоздорду бирдиктүү эл аралык илимий-чыгармачылык аянтчага бириктирди.
Улуу муундан кийинки муунга оозеки түрдө өтүп келген обон, күү, эпос, дастан жана аткаруучулук салттар — жалпы адамзаттын маданий мурасынын баа жеткис бөлүгү. Фестиваль бул улуу мурасты сактоо менен гана чектелбестен, аны илимий жактан изилдөөгө, өнүктүрүүгө жана заманбап шартта жайылтууга багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат», — деди Союзбек Надырбеков.
Фестивалдын программасына эл аралык сынак, илимий-практикалык конференция, мастер-класстар, «Көчмөндөр санаты — Дүйнө кайрыктары» эл аралык чыгармачылык музыкалык баарлашуулары, концерттик программалар, «NOMADIC HERITAGE» студиясындагы подкаст-интервьюлар жана аудиовизуалдык жазуулар, ошондой эле жыйынтыктоочу гала-концерт киргизилген.
Мелдештин протоколдору боюнча