
1–2-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларынын бири болгон Кырчын жайлоосуна 150 миңге жакын адам келди.
Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук мелдештер менен катар маданий жана этнографиялык иш-чаралар да өткөрүлүүдө.
Жайлоодо Кыргызстандын аймактарынын көчмөн айылдары уюштурулуп, анда улуттук каада-салттар, кол өнөрчүлүк, улуттук оюндар, музыка, улуттук тамак-аш жана көчмөндөрдүн салттуу жашоо-турмушу кеңири көрсөтүлүүдө.
Кырчынга жергиликтүү тургундар менен катар чет өлкөлөрдөн келген коноктор, спортчулар жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да келип, кыргыз элинин маданий мурасы менен жакындан таанышууда.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта башталып, 6-сентябрга чейин уланат.