
1-сентябрь Чолпон-Ата шаарынын ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалынын ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева катышты.
Эл аралык фестиваль көчмөн элдердин музыкалык мурасын, салттуу аткаруучулук өнөрүн жана улуттук маданиятын кеңири жайылтууга багытталган. Иш-чарага Кыргызстан менен катар чет өлкөлөрдөн келген өнөрпоздор жана чыгармачыл топтор катышууда.
Фестивалдын ачылыш аземинде катышуучулар өз өлкөлөрүнүн салттуу музыкалык чыгармаларын тартуулап, улуттук аспаптардын коштоосунда өзгөчө өнөрлөрүн көрсөтүштү. Музыкалык номерлер аркылуу ар түрдүү элдердин тарыхы, салт-санаасы жана маданий баалуулуктары чагылдырылды.
«Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн салттуу музыкасын бир сахнага топтоп, маданий байланыштарды бекемдөөгө жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоого өбөлгө түзөт.