2026-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арналган ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биринчи маалымат жыйын болуп өттү.
Маалымат жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруучулар катышты:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Эркинович Маматканов;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сатаровна Сарногоева;
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Тыныбековна Исаматова;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Куатов;
- VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссёру Алтынбек Аскарович Максутов;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Нурланович Аденов.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө катышуучулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат беришти.