
«УЛУУ ТООЛОР БАЯНЫ»: КӨЧМӨН МАДАНИЯТЫ ИСКУССТВО АРКЫЛУУ ЧАГЫЛДЫРЫЛДЫ
Бүгүн 1-сентябрь VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында «Улуу тоолор баяны» аттуу живопись жана скульптура көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Маданий программасынын башкы режиссеру, КР Эл артисти Алтынбек Максутов, Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев катышты.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына мындай масштабдуу сүрөт искусствосунун йййэкспозициясы биринчи жолу киргизилди.
Көргөзмөнүн негизги максаты — живопись жана скульптура аркылуу кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, дүйнө таанымын жана кылымдар бою калыптанган руханий мурасын кеңири чагылдыруу.
Экспозицияда жалпы 45 живопись чыгармасы коюлуп, ошондой эле Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациялар музейинин аймагына скульптуралык композициялар орнотулган.
Чыгармалардын авторлору — Кыргыз Республикасынын Тургунбай Садыков атындагы сүрөт академиясынын окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү.
Көргөзмөдө көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүгүн ачкан боз үй, көч, ат, комуз, аңчылык, ат үстүндөгү мелдештер, жоокердик өнөр, эмгек жана күнүмдүк турмуш сыяктуу темалар кеңири чагылдырылган.
Өзгөчө орунду боз үйдүн образы ээлейт. Ал кыргыз элинин түшүнүгүндө үй-бүлөнүн, очоктун, меймандостуктун жана муундар уландысынын символу катары берилген.
Көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан шыктанган эмгектер да коюлган. Аларда маңкурт, эс тутум жана адамдык кадыр-барк темалары аркылуу адамдын жана элдин өз тарыхы, тамыры менен байланышын сактоонун маанилүүлүгү көрсөтүлгөн.