
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууда
Венгрияга болгон иш сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча биринчи өнөктөштүк келишимине кол койду. Документке венгриялык «Мадьяр-Туран» фондунун президенти Биро Андраш Жолт менен кол коюлду.

Келишимге ылайык:
Түзүлгөн келишим VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары долбоорун өнүктүрүүдө фундаменталдык кадам болду. Ал туруктуу эл аралык кызматташтыкты көрсөтүп, катышуучу өлкөлөрдүн ишенимдүү жана текшерилген өнөктөштөрдүн негизинде катышуу системасын калыптандырат.

«Биз бул келишимди ар бир өнөктөш мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татыктуу көрсөтүү үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган абройлуу уюмдар аркылуу процесске тартылган системалуу мамиленин үлгүсү катары карайбыз», — деп баса белгиледи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Аденов Нурсултан Нурланович.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасында өтүп, дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн катышуучуларды чогултат.