
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы Оюндардын эл аралык маалыматтык кампаниясын ачкан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын «Чакырык жаңырган жерде» аттуу расмий ролигин тартуулады.
Ролик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын философиясын ачып берет — бул ар кайсы өлкөлөрдүн, маданияттардын жана муундардын адамдарын спорт, салттар жана маданий мурас аркылуу бириктирген эл аралык долбоор. Бул — муундар менен элдер аркылуу өткөн жол жөнүндө, жашоосун улантып жаткан мурас жөнүндө жана убакытка, аралыкка карабастан адамдарды бириктирген салттар жөнүндө баян.
Көрүүчүлөр Кыргызстандын жаратылышын, көчмөн маданияттын образдарын, салттуу спорт түрлөрүн жана убакытка, аралыкка карабастан адамдарды бириктирген кылымдык салттарды муундан муунга сактап, өткөрүп келе жаткан адамдарды көрүшөт. Расмий ролик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын эл аралык кампаниясынын бир бөлүгү болуп, санариптик аянтчаларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында, эл аралык презентацияларда жана Оюндарды чет өлкөлөрдө жайылтуунун алкагында колдонулат.
2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргыз Республикасында өтөт. Ага дүйнөнүн 95тен ашык өлкөсүнүн, спорттук, маданий жана илимий делегациялардын 3 000ден ашык өкүлүнүн, ошондой эле эл аралык жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарынын 600дөн ашык өкүлүнүн катышуусу күтүлүүдө.
«Чакырык жаңырган жерде» — бул дүйнө элдерин бириктирген салттардын үнүн угууга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын бир бөлүгү болууга чакыруу.