
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында туристтик сектор менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүдө
VI ДКОго даярдык көрүүнүн жана аны өткөрүүнүн алкагында катчылык Кыргыз Республикасынын туристтик тармагынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө. Бул иш Оюндардын аккредитацияланган катышуучуларын гана эмес, Оюндар өткөрүлгөн мезгилде өлкөгө келе турган туристтерди жана конокторду жайгаштыруу жана тейлөө үчүн ыңгайлуу инфраструктураны түзүүгө багытталган.

Туристтик тармактын өнөктөштөрүнө VI ДКОнун даярдыгы, программасы, негизги иш-чаралары жана өтө турган жерлери жөнүндө учурдагы маалымат берилип турат, бул туристтик секторго өз сунуштарын өз убагында ыңгайлаштырууга жана конокторду, туристтерди сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ушул иштин алкагында Оюндар өткөрүлгөн мезгилде жайгаштыруу кызматтарын өнүктүрүүгө жана коноктор үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган IZDE платформасы менен өнөктөштүк түзүлдү.