
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча Казакстан Республикасы эстафетаны Кыргыз Республикасына өткөрүп берди. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрында Кыргызстанда өтөт.
Уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Оюндарды даярдоо жана өткөрүү үчүн Уюштуруу комитети түзүлүп, Катчылыктын милдеттери «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык Катчылыгы» коомдук бирикмесине жүктөлдү.
Өлкө-делегациялардын катышуусун жөнгө салган негизги документ — VI ДКОнун Жобосу. Анда катышуу шарттары камтылып, ал Кыргыз Республикасынын расмий дипломатиялык каналдары аркылуу катышуучу өлкөлөргө жөнөтүлөт жана катышууга расмий чакыруу болуп эсептелет.
ДКОнун программасы салттуу түрдө үч багыттын айланасында түзүлөт.
Спорттук программа этноспорт дисциплиналарын, салттуу оюндарды жана дүйнө элдеринин мелдештерин бириктирет. Мелдештердин толук эрежелери жана форматтары Оюндардын расмий ресурстарында жарыяланат.
Маданий программа масштабдуу фестивалдык форматтарды жана этношаарчаны камтыйт — бул өлкөнүн аймактары жандуу маданиятты тартуулаган негизги аянтча: кол өнөрчүлүк, музыка, бий, салттар, ырым-жырымдар жана улуттук ашкана.
Илимий программа Оюндардын мезгилинде эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүүнү карайт жана маданий мурас, салттуу практикалар жана азыркы дүйнөдөгү этноспорттун ролу жөнүндө кесиптик диалогду өнүктүрүүгө багытталган.