
Бишкек, Кыргыз Республикасы — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын расмий талисманы пайда болду. Ал Кыргызстандын эң таанымал образдарынын бири — ак илбирс болуп, мындан ары Оюндардын визуалдык жана коммуникациялык өзгөчөлүгүнүн бир бөлүгүнө айланат.



Талисманды тандоо Кыргыз Республикасында өтүүчү жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучуларды спорттук, маданий жана илимий программаларда бириктирүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026га даярдыктын алкагында сунушталды.
Ак илбирс жөн жерден тандалган жок. Бул образ Кыргызстандын жаратылышы, анын ландшафты, мүнөзү жана маданий коду менен тыгыз байланышта. Оюндардын контекстинде ал күчтү, ар-намысты, урмат-сыйды жана ички тең салмактуулукту — спортко да, көчмөн маданияттын философиясына да жакын сапаттарды билдирет.
«Ак илбирс — бул күч урмат-сый менен айкалышкан, ал эми салттар дүйнөгө ачык болгон Кыргызстандын образы. Бул талисман аркылуу биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын духун — ар-намысты, тең салмактуулукту жана өз ара аракеттенүүгө ачыктыкты жеткиргибиз келди», — деп белгилешти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгында.
Талисмандын визуалдык образы Кыргызстандын жаратылышын, көчмөн мурасты жана долбоордун заманбап үнүн бириктирет. Ал Оюндардын мындан аркы коммуникациясынын маанилүү бөлүгү болуп, маалыматтык, визуалдык жана креативдик форматтарда колдонулат.
Ак илбирс — бул жөн гана талисман эмес, кабыл алуучу өлкөнүн мүнөзүн жана адамдарды спорт, маданият жана билим аркылуу бириктирүүчү эл аралык аянтча катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын баалуулуктарын чагылдырган образ.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026 — салттар заманбап үн менен уланган эл аралык долбоор.