
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков 2026-жылдын 6-февралында Саха (Якутия) Республикасынын дене тарбия жана спорт министри Леонид Спиридонов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.


Жолугушууда улуттук спорт түрлөрү жана салттуу маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери талкууланды. Катчылык өз тарабынан «хапсагай» улуттук күрөш түрүнүн алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук программасына киргизилиши менен россиялык тарапты куттуктады.
Катчылык ошондой эле «мас-рестлинг» спорт түрү 2016, 2018 жана 2026-жылдары Кыргыз Республикасында, 2022-жылы Түркия Республикасында, 2024-жылы Казакстан Республикасында өткөн ДКОнун спорттук программасына киргизилгенин белгиледи.