Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы Бангладештин Эл аралык этноспорт ассоциациясы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду. Документке Ассоциациянын президенти МД Ал Мамун мырза менен кол коюлду.
Келишимге ылайык: • Ассоциация Бангладештин компетенттүү мамлекеттик органдары менен бирге Оюндарга катышуу үчүн улуттук делегацияны — спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн — түзүүгө ыйгарым укуктуу; • Ассоциация Бангладеште Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын кызыкчылыктарын көздөп, делегациянын катышуусунун уюштуруу тартибин жана анын аккредитациясын камсыздайт; • Ассоциация делегацияны авиабилеттер, бирдиктүү экипировка жана тиешелүү логистика менен камсыздоо үчүн каражат тартуу милдеттенмесин өзүнө алат.


Мындай келишимдерди түзүү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорун өнүктүрүүдөгү негизги кадам болуп саналат. Ал туруктуу эл аралык кызматташтыкты көрсөтүп, катышуучу өлкөлөрдүн ишенимдүү жана текшерилген өнөктөштөрдүн негизиндеги катышуу системасын калыптандырат. Келишимдер системалуу мамиленин куралы болуп саналат: ар бир өнөктөш мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татыктуу көрсөтүү үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган абройлуу уюмдар аркылуу процесске тартылат.
Маалымат үчүн:
Бангладештин Эл аралык этноспорт ассоциациясы (IEBA) — Бангладеште этноспорт жана оюндар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана жайылтууга багытталган иш жүргүзгөн улуттук уюм. Ал 2015-жылы спорттун күйөрманы, медицина илимдеринин доктору Ал Мамун тарабынан негизделген жана дүйнөгө кеңири белгилүү этноспорт түрлөрүнүн айрымдарын, анын ичинде мас-рестлингди, мангаланы, тогуз коргоолду/тогузкумалакты, теңге илүүнү, сальвар гүрөшүн жана кыргыз күрөшүн өнүктүрүү менен алектенет.