
2025-жылдын 24-июлунда Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитетинин расмий пресс-конференциясы болуп өттү. Жолугушууда Оюндардын концепциясы, даярдыктын учурдагы жүрүшү жана программанын негизги багыттары — спорттук, маданий жана илимий программалар — тааныштырылды.
Пресс-конференцияга төмөнкүлөр катышты:
Эдил Байсалов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, VI ДКОну даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы;
Мирбек Мамбеталиев — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, VI ДКОну даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Айбек Абдымомунов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Бекбосун Борубашов — Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы;
Нурсултан Аденов — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси (модератор);
Асхат Акибаев — «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорунун автору, VI ДКОну даярдоо жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөсү.
Жыйынтыгында катышуучулар даярдыктын артыкчылыктуу милдеттерин, эл аралык кызматташтыктын багыттарын жана этноспортту өнүктүрүүнү белгилеп, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча Казакстан Республикасы VI Оюндарды өткөрүү эстафетасын Кыргыз Республикасына өткөрүп берген. Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин демилгеси менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2026-жылдын сентябрына пландаштырылган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 872-р буйругуна ылайык, 2026-жылы VI ДКОну өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыздаган Уюштуруу комитети түзүлгөн.
Уюштуруу комитетинин курамына мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы өкүлдөрү, республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери, улуттук компаниялардын жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирди. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгынын милдеттери «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы» коомдук бирикмесине жүктөлгөн.
Уюштуруу комитети Катчылыктын сунушу боюнча VI ДКО жөнүндө Жобону бекитти — бул Оюндардын негизги жөнгө салуучу документи болуп, катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын катышуу шарттарын кеңири баяндайт. Жобо катышуучу өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын расмий дипломатиялык каналдары аркылуу жөнөтүлүп, VI ДКОго катышууга расмий чакыруу болуп саналат.
2026-жылы Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кабыл алат. Ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкекте жаңы стадиондо өтөт, ал эми мелдештер Ысык-Көл облусунда — көлдүн жээгинде жана Кырчын капчыгайында болот. Бул тууралуу пресс-конференцияда маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
«Маданият министрлиги иш-чаранын маданий бөлүгү үчүн жооптуу. Оюндардын алкагында этношаар — көчмөндүн ааламы курулат, ал жерде конокторду этнобий, этнохит жана этномото фестивалдары күтөт. Кошумча локациялар тууралуу кийинчерээк билдиребиз», — деп белгиледи ал.
Спорттук программа үчүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жооп берет. Агенттиктин директору Айбек Абдымомуновдун айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрында өтөт.
«Агенттик Оюндардын спорттук бөлүгүн координациялайт жана ишке ашырат. Мелдештер бекитилген этноспорт түрлөрү боюнча өткөрүлөт. Биз улуттук курама командаларды түзүүнү камсыздап, 2025-жылдан тартып тандоо жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөбүз», — деп билдирди Абдымомунов.
Ал ошондой эле калыс жана кесипкөй калыстык үчүн ата мекендик адистерден жана чет өлкөдөн чакырылган эксперттерден турган калыстар корпусу түзүлөрүн баса белгиледи. Биринчи жолу жаңы форматты — атаандаштыкты жогорулатууга жана айрым дисциплиналардын саясатташуусун азайтууга багытталган клубдук системаны — киргизүү пландалууда.
«Спорттук программа — Оюндардын негизги элементи. Ал жогорку жоопкерчиликти, так координацияны жана сапаттуу даярдыкты талап кылат. Спорттук программаны каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен, бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздалат», — деп кошумчалады Абдымомунов.