
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы Беларустун салттуу күрөш түрлөрү боюнча коомдук бирикмеси менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду. Документке Бирикменин жооптуу катчысы Шараев Александр Иванович мырза менен кол коюлду. Келишимге ылайык: • Бирикме Беларустун компетенттүү мамлекеттик органдары менен бирге Оюндарга катышуу үчүн улуттук делегацияны — спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн — түзүүгө ыйгарым укуктуу; • Бирикме Беларуста Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын кызыкчылыктарын көздөп, делегациянын катышуусунун уюштуруу тартибин жана анын аккредитациясын камсыздайт; • Бирикме делегацияны авиабилеттер, бирдиктүү экипировка жана тиешелүү логистика менен камсыздоо үчүн каражат тартуу милдеттенмесин өзүнө алат.


Мындай келишимдерди түзүү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорун өнүктүрүүдөгү негизги кадам болуп саналат. Ал туруктуу эл аралык кызматташтыкты көрсөтүп, катышуучу өлкөлөрдүн ишенимдүү жана текшерилген өнөктөштөрдүн негизиндеги катышуу системасын калыптандырат. Келишимдер системалуу мамиленин куралы болуп саналат: ар бир өнөктөш мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татыктуу көрсөтүү үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган абройлуу уюмдар аркылуу процесске тартылат.
Маалымат үчүн: Беларустун салттуу күрөш түрлөрү боюнча коомдук бирикмеси — Беларусь Республикасында салттуу күрөш түрлөрүн сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, мелдештерди уюштуруу, спортчуларды даярдоо жана бул спорт түрлөрүн улуттук жана эл аралык деңгээлде көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн коомдук уюм.