
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы Афганистандын кураш, самбо жана кур күрөшү түрлөрү боюнча федерациясы менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча өнөктөштүк келишимине кол койду. Документке Федерациянын президенти Сайед Махмуд Зиа Дашти мырза менен кол коюлду. Келишимге ылайык: • Федерация Афганистандын компетенттүү мамлекеттик органдары менен бирге Оюндарга катышуу үчүн улуттук делегацияны — спортчуларды, маданият жана илим өкүлдөрүн — түзүүгө ыйгарым укуктуу; • Федерация Афганистанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын кызыкчылыктарын көздөп, делегациянын катышуусунун уюштуруу тартибин жана анын аккредитациясын камсыздайт; • Федерация делегацияны авиабилеттер, бирдиктүү экипировка жана тиешелүү логистика менен камсыздоо үчүн каражат тартуу милдеттенмесин өзүнө алат.


Мындай келишимдерди түзүү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» долбоорун өнүктүрүүдөгү негизги кадам болуп саналат. Ал туруктуу эл аралык кызматташтыкты көрсөтүп, катышуучу өлкөлөрдүн ишенимдүү жана текшерилген өнөктөштөрдүн негизиндеги катышуу системасын калыптандырат. Келишимдер системалуу мамиленин куралы болуп саналат: ар бир өнөктөш мамлекет өз өлкөсүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында татыктуу көрсөтүү үчүн ресурстарды жана тажрыйбаны бириктире алган абройлуу уюмдар аркылуу процесске тартылат.
Маалымат үчүн: Афганистандын кураш, самбо жана кур күрөшү түрлөрү боюнча федерациясы — Афганистанда күрөш түрлөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын, машыктыруучулардын жана клубдардын ишин координациялоо, улуттук мелдештерди уюштуруу, ошондой эле бул спорт түрлөрүн эл аралык спорт уюмдарында жана расмий эл аралык иш-чараларда көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн коомдук спорт уюму.