
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Белек Усенбеков менен АКШнын Тынчтык корпусунун Кыргыз Республикасындагы директору Мэтью Дэвид Смиттин жолугушуусу болуп өттү. Тараптар кызматташуу жана Тынчтык корпусунун волонтерлорунун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештерге катышуу маселелерин талкуулашты.

Тынчтык корпусунун миссиясы — өз ара түшүнүшүүнү, маданий алмашууну жана ыктыярдуу кызмат кылууну өнүктүрүү аркылуу элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоо. Бул өлкөлөрдү бириктирүүгө жана маданий мурасты сактоого багытталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын духуна түздөн-түз шайкеш келет.
Эскерте кетсек, Тынчтык корпусунун волонтерлору 2018-жылы Кыргыз Республикасында өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча мелдештерге жана интеллектуалдык оюндарга активдүү катышышкан.