
Бишкек шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы менен «Көк-Бөрү» эл аралык ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Документке Катчылыктын жетекчисинин биринчи орун басары Белек Усенбеков жана Ассоциациянын президенти Талас Кенжеев кол коюшту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин жана улуттук спорт түрү болгон көк бөрүнү кеңири жайылтуу, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык аренада алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.


Келишимге ылайык, «Көк-Бөрү» эл аралык ассоциациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештерди уюштурууну жана өткөрүүнү өз мойнуна алат. Негизги милдеттердин катарында — чет элдик командалардын катышуусун камсыздоо, калыстар курамын түзүү жана зарыл спорттук экипировканы берүү.
Көк бөрү — кыргыз маданиятынын символдорунун бири болгон жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналган, атчан ойнолуучу салттуу командалык мелдеш.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Оюндардын программасына улуттук спорттун 43 түрү боюнча мелдештер киргизилген.