
«Биримдик кербени» долбоору — суунун Кыргыз Республикасы үчүн турмуштук баалуулугун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы символикалык маанисин баса белгилеген улуттук Суу эстафетасы.
Кыргыз эли үчүн суу — жашоонун, тазалыктын жана муундар улашуусунун булагы. Оюндардын концепциясында ал биримдикти жана жаңылануну символдоштурат.
Долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, маданий байлыкты көрсөтөт жана улуттук биримдик идеясын бекемдейт. «Биримдик кербени» калкты VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө алдын ала тартып, ар бир аймакка бул эл аралык иш-чарага өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Долбоорду ишке ашыруу этаптары:
Ошондой эле 2026-жылдын июнунан тартып ар бир аймакта аймактык идиштерди (Көөкөр) ыйык булактардын суусу менен толтуруу аземдери жана Сууну урматтоо аземдери өткөрүлөт. Аземдер аяктагандан кийин идиштер аймактык Суу сактагычтарга орнотулуп, алар аймактын тургундары менен конокторунун баруусу үчүн ачылат.
Ачылыш аземинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан чогултулган суу куюлган идиштер (Көөкөр), ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары алып келген суу элдердин ортосундагы биримдикти, ынтымакты жана өз ара урматтоону символдоштурган Бирдиктүү идишке салтанаттуу түрдө бириктирилет.