
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы менен Бүткүл дүйнөлүк Алыш федерациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишимге Катчылыктын жетекчисинин биринчи орун басары Б. Н. Усенбеков жана Федерациянын президенти Баяман уулу Адилет кол коюшту

Жолугушууда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү жана «алыш» спорт түрүн жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кеңири жайылтуу максатындагы биргелешкен аракеттердин маселелерин талкуулашты. Келишимге ылайык, Федерация VI ДКОдо алыш боюнча мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү, чет элдик спортчулардын катышуусун, калыстык кылууну жана катышуучулар үчүн спорттук экипировканы камсыздоо милдеттерин өз мойнуна алат.
Алыш — ДКОнун милдеттүү программасына кирген, кур менен күрөшүүнүн кыргыз улуттук түрү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Программага улуттук спорттун 43 түрү боюнча мелдештер кирди.