
2026-жылдын 23-майында саат 19:30да Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында «2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн» кайра саноо таблосун ишке киргизүүнүн салтанаттуу аземи болот.
«Оюндарга 100 күн» датасы катышуучулардын, меймандардын, туристтердин жана Кыргыз Республикасынын тургундарынын эл аралык коомчулугу үчүн маанилүү символикалык белги болуп саналат жана дүйнөдөгү эң ири эл аралык этномаданий жана спорттук иш-чаралардын биринин жакындап келе жатканын чагылдырат.
Иш-чаранын алкагында борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн төмөнкүлөр уюштурулат: — концерттик программа; — улуттук спорт түрлөрүнүн көргөзмө элементтери; — өнөктөштүк жана тематикалык зоналар; — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик буюмдарын таратуу.
Аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрү, волонтерлор, борбор калаанын тургундары жана меймандары катышат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.